Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Европа Биримдиги жарандарын коронавирустан эмдеп жатат


Жекшембиде Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө вакцинация башталды. Биринчилерден болуп улгайган кишилер менен медкызматкерлер эмделип жатат. Шаркет жылдын аягына чейин "Pfizer/BioNTech" компаниялары иштеп чыккан коронавируска каршы вакцинанын 12 жарым миллион дозасын алууга тийиш. Бул көлөм 6.25 миллион кишиге эки жолу сайууга жетиштүү. Европа комиссиясы ар башка компаниялардан эки миллиард доза препарат заказ кылды. Биримдиктин тиешелүү мекемеси 6-январга чейин америкалык "Moderna" компаниясынын вакцинасын жактырат деп күтүлүүдө.

COVID-19 Евробиримдик аймагында 16 миллион кишиге жугуп, 336 миңден көп кишинин өмүрүн алды. Коронавирустун алгачкы учурлары эски континентте 11 ай мурун катталган.

Муну менен катар саясатчылар менен эксперттер вакцина ар бир каалоочуга дагы далайда жетерин, беткап тагынып, бардык башка санитардык эрежелерди мурдагыдай элек сактоо керектигин эскертишет.

XS
SM
MD
LG