Менин кичи мекеним Кыргызстандын түштүк-чыгышындагы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Арал айыл аймагындагы Кош-Дөбө деген чакан айыл...
Район борбору Түп айылынан бул кыштак 18 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Жалпысынан алганда, айыл калкы дыйканчылык, мал- чарбачылыгы менен күн көрүшөт. Элдин жашоо-турмушу орто деңгээлде десем болот. Бардык кожолуктардын үйүндө ысык суу мындан 9 жыл мурда киргизилген.
Айыл эли эки гана уурудан (мундуз, шүкүр) түзүлгөндүктөн, өтө ынтымакта жашашып, жакшылык-жамандыктарда баары бирге, чогуу болушат. Бирок калктын саны аз болгондугу айылдын өнүгүүсүнө өзүнүн терс таасирин тийгизет экен. "Ал кандайча?" десеңиз... Айтып берейин.
Кош-Дөбөдө болгону 90 кожолук болуп, калк саны 500 кишиге жетпейт. Шайлоочулардын саны — 350гө чукул. Ошол себептен биздин айыл мамлекеттин жана мамлекеттик кызматкерлердин көңүлүнөн өтө алыс.
Болгону 2000-жылы 4 жылдык башталгыч мектеп курулган. Ал эми маданият үйү, жаштардын ден соолугун чыңдоо үчүн спорт зал, мектепке чейинки курактагылар үчүн бала бакча, өспүрүмдөр үчүн газон аянтчасы деген нерселерден айыл эли оолак калган.
Кош-Дөбөдө окуучулар болгону 4 жыл окушат дагы, андан кийин коңшу 3 чакырым алыстыктагы Долон айылына, бир аз окуучу — коңшу Арал айылына барып билим алышат. Мен дагы Кош-Дөбөдө 4 жыл окуп, Долон айылында 2 жыл билим алгам.
Ал убакта биз коңшу айылга чейин жөө басып барып келчү элек. Үч жылдан бери окуучуларды атайын маршрут минибусу ташып калды. Бул да болсо биздин ырыскыбыз экен. Айылдагы 4 жылдык мектепте болсо, 40ка жетпеген окуучу билим алат.
Мени өкүндүргөн нерсе, айылда жумушсуздуктун айынан жаштардын дээрлик көбү (90%) ички миграция, тышкы миграция аркылуу чоң шаарларда, чет өлкөлөрдө иштеп, жан сакташат. Мисалы, менин айылда менден башка 6 эркек классташым бар. Бирок алардын азыр алтоосу тең айылда эмес... Кээ бири Орусияда, кээ бири Бишкекте иштешет...
Бул көрүнүш жеке эле биздин айылдагы көрүнүш эмес, дээрлик өлкө ушундай абалда...
Азыркы тапта менин айылымдын калкы өсүүнүн ордуна тескерисинче азайып жатат. Себеби — кедерди кескен жумушсуздук. Коңшуларымдан 3-4 үй-бүлө да башка шаарларга акыркы 7-8 жылда көчүп кетишти. Үйлөрүнүн болсо жарыгы өчүп, эшиктери кулпуланган.
Мындай көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгына, балким, мамлекет, балким ата-бабаларыбыз күнөөлүүдүр. Анткени айылдагы айдоо жерлери баарына бирдей бөлүнгөн эмес. Жер иштетейин, арпа, буудай эгейин десе, айдоо жери аз бөлүнгөн. Анан, айла жок, шаарларга көчүп кетип жаткандары да ушундан болсо керек.
СССР таркагандан кийин дыйканчылык үчүн жер тилкелери ар кандай бөлүнүп калган экен... Мисалы, бир адамга 1 гектар жер тийсе, дагы бирөөнө 5 гектар, кай бирөөнө 60 сотых тийген. (Беш гектар дегеним көркөмдөлгөн түрдө айтылды. Негизи, андан да көп — 20-30 гектар жер тилкеси барлар бар)...
Негизинен, айдоо жеринин аянты чоң кишилер — булар убагында айыл өкмөттөрүндө же башка бийликте иштегендер, алардын туугандары, жакындары болуп саналат... Колдорунда бийлик барда каалашынча калчашып, карапайым элди ойлоп койгон эмес. Ошонун натыйжасын биз азыркы турмушта өз башыбыздан өткөрүп жатабыз.
Жакында мамлекеттин башына келе турган ПРЕЗИДЕНТ ушул маселени көтөрүп, бардык кыргызстандыктарга бирдей өлчөмдө жер тилкесин бөлүп берсе... Айыл жаштары чет өлкөгө тобокелге салып чыгып кетпесе, өз кичи мекенинен деле тың оокат кылса...
Тилегим — ушул.
Адил Какенов,
окурман.
Ред.: Автордун көз карашы "Азаттыктын" редакциялык туруму катары кабыл алынбашы керек.