Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

УКМКнын төрагасы камактагы Алмазбек Атамбаевден кабар алды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

25-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул мекеменин тергөө абагында отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин акыбалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таркатты.

Ташиев Атамбаевдин кармалып турган шарты жана ден соолугунун абалы менен таанышты. Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттарына жана аракеттерине эч кандай дооматы жок экендигин айтып, ден соолугунун начардыгын белгиледи.

УКМКнын төрагасы тиешелүү кызматтарга Атамбаевдин ден соолугунун абалын кылдаттык менен текшерип чыгууну, зарылдык болсо медициналык мекемеге жаткырууну тапшырды.

Ташиев: Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес (24.12.2020-ж.)

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, октябрдын аягында Бишкектеги №47 колонияга которулган. Декабрь айында кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген. Батукаевдин ишинен тышкары анын үстүнөн азыр башка да кылмыш иштери боюнча сот уланууда.

Быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин айтып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG