Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Президенттикке талапкерлер бизнес-ассоциациялар менен келишим түзүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик кызматка ат салышып жаткан айрым талапкелер жергиликтүү бизнес-ассоциациялар менен биргелешкен декларация кабыл алышты. Экономиканы өнүктүрүү жана бизнести коргоо тууралуу декларацияга кол коюу иш-чарасы Бишкекте 24-декабрда өттү.

Иш-чараны уюштурган «Эл аралык ишкерлер кеңеши» уюмунун маалыматына караганда, жолугушууда инвестиция тартуу маселелери, салык, бажы жана күч органдарынын кысымына байланыштуу жагдайлар, Конституциянын талаптарын сактоо, сот реформасы, дүйнөлүк санарип мейкиндикке аралашуу, аймактарды өнүктүрүү, тоо-кен тармагындагы абал талкууланды.

Декларацияга 30 ири бизнес-ассоциация жана президенттик жарышка катышып жаткан 12 талапкер кол койду. Алар – Элдар Абакиров, Мыктыбек Арстанбек, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев, Аймен Касенов, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова жана ошондой эле Садыр Жапаровдун, Курсан Асановдун, Рашид Тагаевдин расмий өкүлдөрү.

Ишкерлер менен келишим түзгөн талапкерлер эгер президент болуп шайланып калса аткара турган бир топ милдеттенмелерге макулдугун билдиришти.

23-декабрда 11 талапкер жарандык жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү менен «Укуктар жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол коюшкан.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум менен чогуу 10-январда өткөнү жатат. Өлкө башчылыгына 18 талапкер ат салышууда.

Коронавирус пандемиясы жана октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда экономикалык кризис өкүм сүрүүдө. Өкмөт акча жоктугунан элге пенсия жана айлыкты азыр тыштан келген карыз акчадан төлөп жатканын моюнга алган. (RK)

XS
SM
MD
LG