Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Аскер прокуратурасы бир жылда эки өлүм катталган бөлүктө текшерүү жүргүзүүдө


Бексултан Адылбек уулу.
Бексултан Адылбек уулу.

Аскер прокуратурасы Бишкекте бир жылда эки жоокер каза болгон аскердик бөлүктү текшерип жатат. Бул тууралуу 25-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытка караганда, текшерүү 21-декабрда каза болгон маркумдун туугандарынын айткандарынын негизинде жүргүзүлүп, аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставга каршы мамилелер болгон-болбогону иликтенүүдө.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатып каза болгон Бексултан Адылбек уулунун жакындары ал суицидге барганына ишенбей жатканын билдиришкен. Алар маркумдун сөөгүн жууган учурда денесинен тактарды, жамбашынан тигилген жерлерди көрүшкөнүн «Азаттыкка» айтып беришкен.

22 жаштагы Бексултан Адылбек уулунун сөөгү 22-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Алга айылында жерге берилген. Туугандарынын айтымында, ал жогорку окуу жайын арткычылык менен аяктагандан кийин аскерге өз каалоосу менен кеткен. Бишкектеги №702 аскер бөлүгүнө үч ай мурда чакырылган.

Жоокердин асынган сөөгү өзү кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктө 21-декабрда табылганын «Азаттыкка» ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Оторбаев айтып берген:

«Бул боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасына кабарланган. Ал жактан келип сотко чейинки териштирүү иши башталып, бирдиктүү реестрге катталды. Азыркы учурда бул боюнча тергөө ишин Бишкек шаардык аскер прокуратурасы алып барып жатат. Алардын жыйынтыгы чыкмайынча биз эч нерсе дей албайбыз».

Быйыл февраль айынын башында да ички аскерлерде бир суицид фактысы катталган. Окуя ушул эле №702 аскердик бөлүктө болгон.

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG