Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Ташиев: Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес, аны менен эртең жолугам


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

«Ачык айтсам, анын ден соолугу анча жакшы эмес. Мен аны менен жума күнү жолугам деп убада бергем. Эгер ден соолугу анча эмес болсо мен чечим кабыл алып, ал мыйзам алдында жооп берүүгө саламатта болушу үчүн ооруканага же башка жайга которобуз».

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Алгач ал УКМКнын тергөө абагында кармалып, октябрдын аягында Бишкектеги №47 колонияга которулган. Декабрь айында кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген. Батукаевдин ишинен тышкары анын үстүнөн азыр башка да кылмыш иштери боюнча сот уланууда.

Быйыл жайында Атамбаев пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Туугандары жана жактоочулары анын кан басымы төмөн экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG