Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

УКМК Дыйканбаевдин жана Таировдун иши боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоодо кайсы бир партиянын пайдасына мамлекеттик ишканалардан акча чогултулганы тууралуу иш боюнча маалымат берди. 24-декабрда ал журналисттердин президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы жетекчиси Бакир Таировдун кармалышы боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

«Курманбек Дыйканбаев бир мамлекеттик ишканадан 7 миллион сомго чейин акча алган. Ишкананын башчысы, ошол жерде берген адамдар мунун баарын толук тастыктаган. Кайсы ишкана экенин айтпай эле коеюн. Экинчиден, Соцфонддун жетекчилери ар бир райондук башкармалыктан 40-45 миң сомдон акча чогултуп, бир партияны каржылашкан. Өзүлөрү арыз берип жатышат. Ушул эле маселе Мамлекеттик каттоо кызматында да болгон. Кол астындагылардан акча чогултуп беришкен. Айрым жетекчилер кармалды, алардын артынан Таиров камалып отурат».

10-декабрда УКМК Таировду камакка алып, ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналып жатканын билдирген. Атайын кызмат ушундай эле шек менен 24-ноябрда Дыйканбаевди да кармаган. Алар өзүлөрү же жактоочулары коюлган айыптар тууралуу комментарий бере элек.

Дыйканбаев шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышып, анын шайлоо фондуна 1 миллион 500 миң сом которгон. (RK)

XS
SM
MD
LG