Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Президенттикке талапкерлер «Укуктар жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-декабрда президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер «Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө» келишимге кол коюшту. Иш-чара Бишкектеги мейманканалардын биринин жыйындар залында өттү.

Келишимдин долбоорун жарандык коомдун, медиа-сектордун, жергиликтүү жамааттар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү даярдашкан. Ал сөз эркиндигин, демократияны, адамдардын укук жана эркиндик үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган.

Иш-чарада талапкерлер Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Ишенбай Кадырбеков жана Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын жетекчиси Канатбек Тургумбеков сөз сүйлөштү.

Президенттикке талапкерлигин койгон 18 адамдын ону бүгүнкү келишимге кол койду. (RK)

XS
SM
MD
LG