Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Алмазбек Атамбаевдин иштери боюнча сот жүрүп жатат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 23-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон иштер боюнча сот уланууда. Сотко мурдагы мамлекет башчы өзү катышып жатат.

25-ноябрда сот Атамбаевдин үч ишин бириктирип кароо тууралуу чечим чыгарган.

Атамбаевдин жактоочулары бириктирилген үч иш боюнча түшүндүрмө берип, алардын бири Кой-Таш окуясы, экинчиси Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча экенин айтышкан. Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Ал «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», ««Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери сотто. 2020-жылдын 23-декабры.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери сотто. 2020-жылдын 23-декабры.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG