Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Өз жанын кыйды деген жоокердин денесинде тактар бар экени айтылды


Бексултан Адылбек уулу.
Бексултан Адылбек уулу.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринде кызмат өтөп жатып каза болгон Бексултан Адылбек уулунун жакындары ал суицидге барганына ишенбей жатканын билдиришти. Алар маркумдун сөөгүн жууган учурда денесинен тактарды, жамбашынан тигилген жерлерди көрүшкөнүн «Азаттыкка» айтып беришти.

Маркумдун аталаш тууганы Азамат Исаков окуя калыс иликтенишинен үмүт кыларын айтты:

«Бул баланын асынып өлгөнүнө ишенбей турабыз. Өзүн асып алгыдай жеңил ойлуу бала эмес болчу. Дагы тактайбыз, бирок күнөөлүүлөр жооп бериши керек».

22 жаштагы Бексултан Адылбек уулунун сөөгү 22-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Алга айылында жерге берилди.

Туугандарынын айтымында, ал жогорку окуу жайыны аяктагандан кийин аскерге өз каалоосу менен кеткен. Бишкектеги №702 аскер бөлүгүнө үч ай мурда чакырылган.

Жоокердин асынган сөөгү бул аскердик бөлүктө 21-декабрда табылганын «Азаттыкка» ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Оторбаев айтып берген:

«Бул боюнча Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасына кабарланган. Ал жактан келип сотко чейинки териштирүү иши башталып, бирдиктүү реестрге катталды. Азыркы учурда бул боюнча тергөө ишин Бишкек шаардык аскер прокуратурасы алып барып жатат. Алардын жыйынтыгы чыкмайынча биз эч нерсе дей албайбыз».

2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган, 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (RK/MA)

XS
SM
MD
LG