Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:45

Ооганстанда дагы бир журналист киши колдуу болду


Рахматулла Некзад.
Рахматулла Некзад.

21-декабрда Ооганстандын Газни провинциясында белгисиз адамдардын огунан эркин журналист мерт болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, аймактагы журналисттер кошуунунун жетекчиси Рахматулла Некзадды үйүнөн чыгып келе жатканда атып кетишкен. Ушуну менен өлкөдө акыркы эки айда төрт журналист киши колдуу болду. Газни шаарынын бир топ бөлүгү «Талибан» кыймылынын көзөмөлүндө болсо да, талибдер кол салууга тиешеси жок экенин билдиришти.

Некзад «Associated Press» агенттиги менен кызматташып келген. Ага чейин «Al-Jazeera» телеканалы үчүн кабарларды берип турган.

Соңку айларда Ооганстанда журналисттерге кол салуу көбөйдү. 10-декабрда өлкөдөгү «Enikas TV» телеканалынын алып баруучусу Малала Майванд айдоочусу менен кошо өлтүрүлгөн. Ага чейин «Азаттык» радиосунун ооган кызматынын кабарчысы Ильяс Дайи түшкөн автоунаа жардырылган. Ал эми ноябрь айында «TOLO News» телеканалынын мурдагы журналисти жана башка эки адам чогуу баратып жардыруудан каза болгон.

Журналисттерди коргоо комитети 2020-жылы дүйнөдө кесиптик ишмердигинен улам 21 журналист өлтүрүлгөнүн кабарлады. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп.

XS
SM
MD
LG