Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

ИИМ: Шайлоо күнү милиция ар бир тартип бузуу боюнча ыкчам чара көрөт


ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн жыйын өткөрдү.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков онлайн жыйын өткөрдү.

10-январда өтө турган шайлоо күнү милиция ар бир тартип бузууга ыкчам чара көрүп, шайлоо мыйзамдары бузулса терең иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу 21-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция органдарынын жетекчилери менен өткөргөн онлайн жыйында билдирди.

Ниязбеков шайлоого карата ыкчам штаб түзүлүп, коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү жана уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө алдын алуу иштерин жүргүзүш керек экенин айтты.

Министр: «Биздин алдыбызга ар бир мыйзам бузууга тез арада чара көрүү боюнча так милдеттер коюлду. Добуш сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга жана башка мыйзам бузууга жол берилбейт. Милиция мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюп, мыйзамга ылайык ыкчам чара көрүп, алдына коюлган тапшырмаларды так аткарыш керек», - деди.

ИИМдин маалыматына караганда, өлкө аймагында 2420 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти жана коопсуздукту 11 000 милиция кызматкери камсыз кылат.

Келерки жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт. Президенттикке 18 талапкер ат салышууда.

Быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо ызы-чуу менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашты. 6-октябрга караган түнү Бишкекте демонстранттардын милиция менен кагылышуусунда бир адам каза болуп, жүздөгөн адам жараат алган жана алардын айрымдары көзүнөн, колу-бутунан айрылып, майып болуп калышты. (RK)

XS
SM
MD
LG