Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Финансы министрлиги: Матраимов атайын эсепке төккөн акча 1,2 миллиард сом болду


Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.
Райымбек Матраимов. Коллаж сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү. Бул тууралуу 21-декабрда «Азаттыкка» Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Финансы министрлигинин атайын эсебине башка адамдардан да түшкөн акчаны кошкондо жалпысынан 1 миллиард 345 миллион сомдун тегерегинде топтолду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген 2 миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG