Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) президенттикке талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу 19-декабрда алардын тизмесин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктаган чүчүкулак өткөрдү.
Анын натыйжасында талапкерлер төмөнкүдөй кезек менен жайгаштырылмай болду:
1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
2. Исаев Канатбек Кедейканович;
3. Арстанбек Мыктыбек;
4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
5. Ташов Имамидин Асамидинович;
6. Тагаев Рашид Бакирович;
7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
9. Касенов Аймен Абдыталипович;
10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
12. Абакиров Элдар Курманбекович;
13. Асанов Курсан Сатарович;
14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
15. Жээнбеков Равшан Бабырбекович;
16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
17. Толбаев Бабыржан Латиханович;
18. Иманалиев Каныбек Капашович.
Чүчүкулак кармоо жараянына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук байкоочулар катышты.
10-январда өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер катталган. (NT)