Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Азамат Араев 12-январга чейин камакта калды


Азамат Араев.
Азамат Араев.

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары деңгээлиндеги коргоо, тартип жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев 12-январга чейин камакта калды. Бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту аныктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилди. Аны УКМК 15-декабрда кармап, камакка алган.

Азамат Араев 2018-жылы 6-апрелде бөлүм башчы болуп, 28-мартта ошол кездеги өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин буйругу менен мурдагы кызматы менен кошо өкмөттүк аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» берген маалыматында мамлекеттик кызматкердин кармалышын радиожыштыктарды мыйзамсыз сатуу ишине байланыштырган:

«Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мекеме аралык тергөө тобу радио жыштыктарын сатуудагы айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлеринин радио жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иштер бонча сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатат».

Жыштык чырына байланыштуу ноябрдын башында өкмөттүк аппараттын мурдагы башчысы Самат Кылжыев кармалган. Аны да Биринчи май райондук соту 12-январга чейин камакта калтырган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон жана мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев баштаган бир нече кызматкери, «Ала-ТВ» ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров, компаниянын дагы бир кызматкери Дмитрий Ветлугин кармалган.

Булардын ичинен Наталья Черногубова тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишимге байланыштуу декабрдын башында үй камагына чыгарылганы мурда кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG