Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Баткен облусунда мыйзамсыз сакталган куралдар табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук ички иштер бөлүмү 2020-жылдын 9-11-декабрь күндөрү облустагы лицензиялык уруксат берүү системасынын каттоосунда турган аймактарды, жардыргыч заттарды сактоочу кампаларды текшерип чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Арсенал» операциясынын алкагында өткөн текшерүүнүн жыйынтыгында Баткен шаарынан, Баткен районунан жана Кадамжай районунан жалпысынан ок атуучу төрт сайсыз курал мыйзамсыз сакталганы аныкталды.

Ошондой эле каттоодо турган мергенчилердин ок атуучу куралдарынын сактоо мөөнөтү жана кайра каттоо мөөнөттөрү текшерилип, Кыргыз Республикасынын Тартип бузуу кодексинин 84-беренесининин («Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу») негизинде 48, 85-беренесинин («Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу») негизинде 22 протокол түзүлүп, айрым жарандарга эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынды. (BCh)

XS
SM
MD
LG