Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Жанарбек Акаев: Өкмөт абаны тазалоого кызыкчылыгы болбой жатат


Ышталган Бишкек.
Ышталган Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан Бишкектеги абанын булганышы боюнча билдирүү таратты. Анда баш калаадагы абанын сапатынын дүйнөдөгү эң төмөн баскычка түшүп кетишин өкмөттүн тиешелүү мыйзамды кабыл алууну кечеңдетиши менен түшүндүргөн.

«Мага белгилүү болгондой, Экономика министрлиги Бажы Биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу боюнча демилге көтөрдү. Министрлик Кыргызстаныбыз сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, «таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жатат.

Эң кызыгы, бул долбоорду талкуулоо 2021-жылдын 24-январында аяктайт. Ошол эле учурда документти Экономика министрлигинин сайтынан табуу кыйын. Менимче бул кокустук эмес, атайын пландаштырылган эле иш. Жалпы элдин эмес, бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн документти арыдан бери өткөрүп жиберүү аракети.

Жарандардын кызыкчылыгын эң жогору коюшу керек болгон мамлекеттик органдын бул аракети чыккынчылыкка тете! Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп. Эгер өкмөт начар сапаттагы күйүүчү отунду сырттан ташып келүүгө жана өлкөнүн ичинде өндүрүүгө тыюу салса, абанын булганышы бир топ азаймак. Дүйнө жүзү боюнча К4 жана К5 сапаттагы бензин (Евро 4 жана Евро 5тин аналогу) колдонууга ылайыктуу деп эсептелет. Бирок мыйзам долбоору өтүп кетсе, андай сапаттуу бензин бизде 2023-жылдан тартып гана сатыла баштайт! Анда да техрегламентти киргизүүнү дагы жылдырып салышпаса эле. Ага чейин кара түтүнтөн арылбай, тумчуга беребиз, анткени биз сапатсыз бензинге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбооруна өкмөт эмгиче корутунду чыгарып бере элек», деп жазат депутат.

14-декабрга карата Бишкектеги абанын курамында эл аралык көрсөткүчтөр боюнча уулуу заттар 300 микробөлүк деп эсептелип, ден соолукка өзгөчө кооптуу катары көрсөтүлүүдө. Бишкек азыркы учурда «World Live Air Quality Ranking» кызматынын эсеби боюнча дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башында турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG