Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Байтикте окуучулардын ууланышына байланыштуу төрт кызматкер айыпка жыгылды


Кыргызстандын «Тез жардам» кызматынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын «Тез жардам» кызматынын автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, Аламүдүн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборунун санитардык-гигиеналык изилдөөсүндө бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом, медициналык кызматкерге 7500 сом, башкы ашпозчуга 7500 сом айыппул салынды.

Аталган мектептин 23 окуучусу 9-декабрга караган түнү тамакка ууланып №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Кийин тамактан жалпы 25 адам ууланганы, анын 24 окуучулар, бирөө чоң киши экени такталган.

Алардан саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кабар алып, абалын көргөн. Бейшеналиевдин айтымында, балдардын алтоо реанимацияга түшкөн. Баарынын ашказандары тазалангандан кийин абалы жакшы болгон. Учурда алардын саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда. Жабырлануучулар үйлөрүнө чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, уулануунун себептери лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин такталат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, балдар мектепте жасалган айрандан же гречкадан (дан азыктарынын бир түрү) жасалган тамакка ууланышы мүмкүн.

Буга чейин жатак мектептеги уулануу фактысын башкы прокуратура да териштирип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстанда 2018-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилиги айыпка жыгылган. Андан бери да аймактарда жана борбор калаада ар кайсы мекемелерде 20-30дай киши ууланган учурлар катталып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG