Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

HRW Бээжинди мусулмандарды аңдыган программа үчүн айыптады


"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму Шинжаңдагы лагерлерде кармалган эки миңден ашуун уйгурдун тизмесине сереп салганын билдирди. Укук коргоо уюму Кытай бийлиги ШУАРда мусулмандар тууралуу маалымат чогултуу үчүн атайын программа колдонгон деп боолголойт. 

Укук коргоо уюмунун баяндамасы

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму шейшембиде (9-декабрда) жарыялаган баяндамада 2018-жылы бул уюм “Эркин Азия” радиосу аркылуу колго тийген документ тууралуу кеп кылат. Уюмдун айтымында, КЭРдин Шинжаң-Уйгур автоном районундагы (ШУАР) Ак-Суу аймагынан алынган бул тизмеде полициянын атайын санариптик программасы мусулмандар жөнүндө маалымат чогултуп, “кармалышы керек” деген адамдарды өзгөчө белгилеп турганы даана көрүнөт.

"Ак-Суу тизмесинен Кытай Шинжаңдагы мусулмандарды ырайымсыз куугунтуктоодо жаңы технологиялар кантип пайдалангандыгы тууралуу кеңири маалымат алса болот. Бээжин өкмөтү тизмедеги адамдардын жакындарына алар эмне үчүн кармалганын, алар азыр кайда экенин тшүндүрүүгө тийиш", - деди HRW уюмунун Кытай боюнча улук изилдөөчүсү Майя Ванг.


Баяндама боюнча комментарий берүү өтүнүчүн Кытай тышкы мекемесинин басма сөз катчысы четке какты. Өкмөт өкүлү андай маалыматты төгүндөө үчүн убакыт да коротпош керек деп билдирип, укук коргоочуларды “объективдүү эмес” деп сындады.

Эл аралык коомчулуктун сыны

Эл аралык коомчулук расмий Бээжинди Шинжаңдагы улуттук азчылыктарга каршы жүргүзгөн катаал саясаты үчүн көптөн бери айыптап келе жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) санактарына ылайык, бери дегенде бир миллион уйгур менен башка түпкүлүктүү мусулмандардын (казак, кыргыз, ж.б.) өкүлдөрү ШУАРдагы атайын "кайра тарбиялоо" лагерлерине айдалган.

Ал жабык жайларды Кытай бийлиги “экстремизмге каршы” күрөшүү үчүн түзүлгөн “кесипке жана тилге үйрөтүү борборлору” деп атап келет. Чөлкөмдө миллиондогон киши иргеп алуу лагерлеринде кармалганын БУУ дагы маалымдаган.

(Айрым укук коргоо уюмдары 2017-жылдан бери дээрлик 1,8 миллионго чейинки сандагы киши "кайра тарбияоо" лагерлеринде ар кыл мөөнөттөрдө жатып чыкканын, аларлын ичинен бир далайы дагы эле кармалып жатканын айтышат).

Мишел Бачелет. Женева шаары. 2020-жылдын 14-сентябры.
Мишел Бачелет. Женева шаары. 2020-жылдын 14-сентябры.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишел Бачелет айым 9-декабрда жыл жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында Шинжаңдагы адам укуктарын одоно бузуу тууралуу маалыматтарга терең тынчсыздануусун билдирди жана келээрки жылдын башында кеңсенин делегациясын өз иш сапарынын камылгаларын көрүү үчүн Кытайга жөнөтүүгө мүмкүн болот ко деген үмүтүн ортого салды.

Алдыңкы маалымат технологиясы куугунтук куралыбы?

HRW уюмунун айтымында, ШУАРдын Ак-Суу аймагынын алиги тизмесинде ал чөлкөмдө 2016-жылдын ортосунан 2018-жылдын аягына чейинки кармоолор жана анын себептери тууралуу маалымат камтылган.

Кытайлык бийлик кармоолордун 10 пайызында “террорчулук” жана “экстремизм” менен байланыштырылган жагдайларды жүйөө катары келтирген. Бирок ал адамдар чындап “кылмышка барганбы, кимдир бирөөнү шыкактаганбы, колдогонбу же зордукчулукка, терроризмге теңөөгө мүмкүн болгон иш-аракет кутумун уюштурганбы?” деген суроолорго документте жооп жок.

Укук коргоо уюму ал тизменин анализи уйгурлардын жана башка мусулмандардын далайы динине карап, жеке алака-катышы, чет өлкөлөрдөгү туугандары менен байланыштары үчүн эле кармалган деген ойго жетелээрин белгиледи. Кээде адамдын жашы да эске алынчу экен.

Тизмеге айрым учурларда уюкфондорун көп ирет өчүрүп койгон, “ишенимден кеткен” же “ойлору уйгу-туйгу” делген адамдар да илинген.

Муну менен бирге уюм сыртта жашаган уйгурлардын жардамы менен тизмедегилердин тек-жайын бышыктоого эч мүмкүн болбогонун белгилейт.

Ошондой эле тизмени берген булакты коргоо үчүн айрым жайлар, даталар, сандар жөнүндө маалыматтарды жашырууга туура келген.

КЭРдин Шинжаң аймагынын бийлиги адамдын жүзүн аныктоо, көздүн карегин сканнерден өткөрүү жана жасалма интеллект өңдүү алдынкы технологияларды терроризмдин алдын алуу аракеттерине жамынып кеңири пайдалангандыгы үчүн да эл аралык коомчулук тарабынан сынга кабылып келет.

Жикчилер уюму

“Уйгур адам укуктары долбоору” (The Uyghur Human Rights Project; UHRP) укук коргоо уюму АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” деп аталган уюмду террорчу уюмдардын тизмесинен чыгаруу тууралуу чечимин кубаттады жана Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, аны да аталган уюмду “кара тизмеден” чыгарууга үндөдү.
“Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” деген уюмдун ойдон чыгарылган коркунучуна шылтоо кылып, расмий Бээжин 20 жылдай мезгил бою уйгурларга каршы мамлекеттик террор уюштуруп келген”, – делет аталган укук коргоо уюмунун аткаруучу деректири Өмер Канаттын билдирүүсүндө.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео быйыл 20-октябрда кол койгон буйрукка ылайык, “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” деп аталган уюм терррорчу уюмдардын АКШдагы тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу 5-ноябрда расмий жарыяланган болчу.

Кытай бийлиги расмий Вашингтонду “террорчулукка каршы эл аралык кызматташтыкка” кедерги тийгизчү кадамдарга барбоого чакырды жана анын соңку кадамына өз нааразылыгын билдирди.


“Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” (азыркы аталышы “Түркстан ислам партиясы”) уюмунун ишмердигине 2003-жылдан тартып Кыргызстанда да тыюу салынган.

Бул уюмга БУУ, Евробиримдик, Казакстан жана Ооганстан да тыюу салган болчу.

XS
SM
MD
LG