Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:11

Британ премьери Евробиримдиктин жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзөт


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 9-декабрда Брюсселде Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Брекзиттен кийинки келишимдер боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Түштөнүү учурунда өтчү жолугушууда соода жүгүртүүгө, балык уулоого байланыштуу келишимдин келечеги боюнча маселелер талкууланат.

Британ бийлиги билдиргендей, эгер жетекчилердин ортосундагы саясий диалог илгерилесе, буга чейин Евробиримдиктин башкы чабарманы Мишел Барнье менен бул маселе боюнча Британиянын делегациясынын жетекчиси Дэвид Фросттун ортосундагы туңгуюкка такалган сүйлөшүүнүн жанданышын шартташы мүмкүн.

Бирок британ тарап бул боюнча сүйлөшүү 31-декабрга чейин алдыга жылышы мүмкүн эмес экенин эскертүүдө. Бул учурда Британия Европа Биримдигинен толугу менен чыгып, уюмдун соода эрежелерин сактоого милдеттүү болбой калат.

Брюсселге барарда Жонсон парламентке кайрылып, Евробиримдик сунуш кылып жаткан талаптарга бир да британ премьер-министри кол коё албай турганын жана уюм менен келишимге кол койбой туруп өлкөсү пайда табарын билдирген.

Улуу Британия Евробиримдиктен ушул жылдын январында чыгып кеткен. Бирок 31-декабрга чейинки өткөөл учурда тараптардын экономикалык мамилелеринде буга чейинки эрежелер үстөмдүк кылары макулдашылган.

Келишимден кийинки жагдайлар боюнча сегиз айлык сүйлөшүүлөрдө тараптар бир пикирге келе албай жатат. Адистер анын кесепетинен миллиарддаган долларлык соода жүгүртүүгө зыян келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Бирок 8-декабрда Улуу Британия менен Европа Биримдиги Түндүк Ирландия менен Ирландиянын ортосундагы чек ара эрежелери боюнча макулдашууга жетишкен соң бул багытта жыйынтык болушу мүмкүн деген ишеним пайда болгон.

XS
SM
MD
LG