Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Президенттин милдетин аткаруучу Мамытов КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Лебедев менен жолугушту


Жолугушуу учуру. Москва шаары. 8-декабрь, 2020-жыл.
Жолугушуу учуру. Москва шаары. 8-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиядагы расмий сапарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушту. 8-декабрда өткөн жолугушууда КМШнын алкагында кызматташуу маселелери талкууланып, Кыргызстандын президентин шайлоого уюмдан байкоочуларды жиберүү тууралуу сөз болду.

Сергей Лебедев шериктештиктин алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу маалымат берип, уюмдун Экономикалык кеңешинин, ага кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин декабрь айында өтүүчү жыйындары өтөрүн маалымдады. Ал ошондой эле КМШнын аткаруу комитети шериктештиктин алкагындагы Кыргызстандын жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын билдирди.

Талант Мамытов өз кезегинде Кыргызстан уюмдагы көп тараптуу кызматташыктын өнүгүшүнө кызыкчылыгы бар экенин, КМШнын алкагында жакында боло турган бардык иш-чараларга катышууга даярдыгын билдирди.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышты. Кыргызстандык делегация Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушкан.

Бул - Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки жогорку деңгээлдеги чет өлкөдөгү биринчи расмий сапары.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн убактылуу бул кызматтардан баш тарткан Жапаровдун ордуна президенттин милдетин аткарууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG