Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Финпол автомектептердин салык төлөөдөн качуу схемасын аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Өзгөн жана Кара-Кулжа район аралык бөлүмү Ош облусунун автомектептери тарабынан салык төлөөдөн качкан кылмыштуу схеманын бетин ачты. Бул тууралуу маалыматты Финполициянын басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, аталган эки райондогу автомектептерден айдоочулук күбөлүк алып, «Инфоком» сайтына катталган курсанттар жөнүндө маалымат менен Мамлекеттик салык кызматы берген маалымат эки ача чыккан.

Натыйжада «А.П.» менчик автомектептердин бирөөнөн эле мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат, калган автомектептердин ишмердүүлүгү текшерилүүдө.

Октябрдагы бийлик алмашуудан бери бир топ мурдагы жана азыркы кызматкерлерге карата коррупция боюнча кылмыш иштери козголууда. Ошол эле учурда алардын айрымдары кармалгандан кийин тергөө менен кызматташып же башка себеп менен эркиндикке коё берилип жатканы коомчулукта талкуу жаратууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG