Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Сот Исаковдун эки өкүмүн жокко чыгарды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу кылмыш иштери кайра каралмай болду.

7-декабрда Жогорку сот Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттун буга чейинки эки инстанциясынын өкүмүн жокко чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкектеги тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромго байланышкан кылмыш ишине айыпталган Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага байланыштуу сот өкүмдөрү жокко чыгарылганын ырастады.

Мекеменин басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева иш райондук сотто кайра карала турганын билдирди.

«Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 9-июнундагы жана Бишкек шаардык сотунун Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 8-августундагы Исаков жана Карыбаевага карата сот өкүмдөрү жокко чыгарылган жазык иши жаңыдан, башка курамда кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди».

Адвокат Бакытбек Автандил уулу Сапар Исаковго байланыштуу буга чейинки соттук отурумдар мыйзам бузуу менен өткөн деп эсептейт. Анын айтымында, сот өкүм чыгарганда да ага чейинки отурумдарда судья Исаковду сотко катыштырган эмес. Адвокат «ушул жагдайлар ишти кайра кароого негиз болду» деп эсептейт.

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

«Буга чейинки сот отурумдарында судья Марат Сыдыков Сапар Исаковду сотко катыштырбай койгон. Ага Исаковдун судьянын сөзүн бөлүп, тартип бузганы себеп болгон. Эрежеге ылайык, Исаков бир эле отурумга катышпай, кийинкилерге келиши керек эле. Бирок андай болгон жок. Исаковго байланыштуу сот өкүмдөрү да анын катышуусу жок эле чыкты. Керек болсо ал акыркы сөзүн да айткан эмес. Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, айыпкер жок болгон эки учурда гана сот отурумун өткөрсө болот. Ал айыпкер иш матералдары менен таанышып бүткөндөн кийин сотко катышуудан баш тартса же айыпкер чет өлкөдө болсо айласыздан сот отуруму болот. Бирок Сапар Исаков мамлекеттин колунда турду. Анын укуктары бузулду. Биз иштин кайра каралышын мына ушул жагдайга байладык. Ошондой эле Исаковго байланышкан Бишкек ЖЭБи боюнча иш Жогорку сотто 18-декабрда кайра каралганы жатат. Бул иш буга чейин Жогорку сотто каралып 1-2-инстациялардын өкүмү күчүндө калтырылган. Бирок жаңы ачылган жагдайлар боюнча адвокат Замир Жоошев кайра кароо үчүн өтүнүч келтирген».

Биринчи май райондук соту ишти качан карай баштары айтыла элек. Автандил Бактыбек уулунун билдиришинче, Сапар Исаков сотко келгенден кийин гана териштирүү башталышы керек экенин айтууда. Бирок Исаковдун азыр кайда экени белгисиз.

Сапар Исаков 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ага эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. Бул иш боюнча ал 15 жылга кесилген.

Бирок Исаков күнөөсүз экенин айтып, муну саясий буйрук деп атап келе жатат. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сапар Исаковго байланышкан иштер тууралуу мындайча комментарий берди.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«ЖЭБ, Кой-Таш окуясы, ипподром, музей боюнча иштерде саясий өңүт бар экенин билип эле келгенбиз. Ошондуктан тергөө да мыйзам бузуу менен жүргөн. Ал эми азыркы бийликтин бул кадамын мурунку бийлик менен байланыштырбоо максатында болуп жатат деп эсептейм. «Сооронбай Жээнбеков башка, Садыр Жапаров башка» деген мааниде болуп жатат. Эми саясий соодалашуу орун алышы мүмкүн. Атамбаев чоң саясий фигура. Ал оппозициялык күч. Азыркы бийлик Атамбаевден кооптонуп турат».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасына байланыштуу мындай айыптоолорду Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий куугунтугу катары баалап келишкен. Эми алардын иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жиберилип жатышында да саясий өңүттөр жок эмес дегендер болууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев буларга токтолду.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Муну эки жагдайда карасак болот. Биринчиси - президенттик шайлоо жакындап келатат. Арашан айылы менен Чүйдө жашаган шайлоочулардын добушу керек. Муну да эске албаса болбойт. Экинчиден, кылмыш иши чийки болгондуктан соттор адилеттүү чечим кабыл алышы мүмкүн. Ошол эле маалда кызыкчылыктардын кагылышы да болгон жок деп айтуу кыйын. Интернеттен КСДП партиясынын өкүлүнүн «мына биздин 13 кишини эркиндикке чыгарды, жаңы бийлик азамат» деп жазганын окуп калдым. Муну жаңы бийлик жасап жатабы же соттордун эрдигиби, аны айта албайм».

Саясатчы Кубанычбек Кадыров коррупцияга шек саналгандар жазасыз калбашы керек деген пикирде.

«Ипподром, музейдеги коррупциялык иштер боюнча бүт кыргыз эли, керек болсо дүйнөлүк коомчулук да билет. Учурунда муну бир катар саясатчылар, экономисттер айтып чыгышкан. Эми бул жокко чыкса, анда жакшы көрүнүш эмес. Андай болсо түрмөдө тоок уурдап же жаңылыштык үчүн отурган карапайым элдин балдарын жапырт чыгаруу керек. Бул коомчулукта өтө терс кабыл алынып жатат. «Ушинтип ичип-жеп, кайра бошонуп кете берсе болот турбайбы» деген пикир орун алууда».

30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы үчүн 11 жылга соттолгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу ишти Жогорку сот кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG