Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Бир килограммдай баңгизат сатууга аракет кылгандар кармалды


Кармалгандардан алынган «гашиш» баңгизаты. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын сүрөтү.
Кармалгандардан алынган «гашиш» баңгизаты. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын сүрөтү.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын мобилдик бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген эки кишини кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

23 жаштагы (Ш. уулу И.) жана 20 жаштагы (Ж. уулу Т.) эки жаран Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында өткөн атайын операция учурунда колго түшкөн. Алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал 987 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренесинде («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин 2020-жылдын тогуз айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарган 28-октябрдагы онлайн коллегияда маалымдалгандай, отчёттук маалда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 643 кылмыш катталган. Жалпысынан бир тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG