Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

SIPRI: курал-жарак базарында АКШ менен Кытай алдыга чыкты


SIPRI - дүйнө өлкөлөрүнүн курал-жаракка кетирген чыгымдарын, тапкан кирешесин иликтеген дүйнөлүк илим-изилдөө институту.
SIPRI - дүйнө өлкөлөрүнүн курал-жаракка кетирген чыгымдарын, тапкан кирешесин иликтеген дүйнөлүк илим-изилдөө институту.

Стокгольмдогу Тынчтыкты иликтөө эл аралык институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасына ылайык, былтыр курал-жарак рыногунда америкалык жана кытайлык компаниялар үстөмдүк кылды. Анда ири 25 компаниянын 12си АКШга таандык экени көрсөтүлгөн. Дүйнөдө сатылган курал-жарактын жана аскердик кызмат көрсөтүүнүн 61% да ошол компанияларга туура келет. Баяндамада АКШ жылдар бою бул чөйрөдө үстөмдүк кылып келатканы белгиленет.

Кытайдын төрт ишканасы менен фирмасы алдыңкы 25 компаниянын тизмесине кирген, буга чейин маалыматтардын жоктугунан ага илинчү эмес.

Жалпы жонунан 2019-жылы курал-жарак сатуунун көлөмү 316 миллиард долларга жетип, мурунку жылдагыдан 8,5% көп болду.

25 компаниянын арасына орусиялык эки компания да кирди. Аталган уюмдун ушул жылдын апрель айындагы баяндамасына ылайык, Орусия коргоо тармагына көп акча короткон беш өлкөнүн катарына кирген.

Коргоо тармагына эң көп каражат жумшаган алдыңкы беш өлкөнүн чыгымы жалпы чыгымдын 62% түзгөн. Бул тизменин сап башында АКШ турат жана Вашингтондун чыгымы былтыр 732 миллиард долларды түзгөн, бул мурдагы жылга караганда 5,3% көп. Экинчи орунду 261 миллиард доллар жумшаган Кытай ээлейт. Бул өлкөдө соңку он жылдын ичинде аскердик чыгым 85% көбөйгөн.

Индия бул тизмеде үчүнчү орунда жана Нью-Дели былтыр 71 миллиард доллар короткон. Бул 2018-жылга караганда 6,8% көп.

SIPRI - дүйнө өлкөлөрүнүн курал-жаракка кетирген чыгымдарын, тапкан кирешесин иликтеген дүйнөлүк илим-изилдөө институту. Ал өткөн айда соңку беш жыл ичинде дүйнөдө курал-жарак сатуу 5,5% көбөйгөнүн иликтеп чыккан. Ага ылайык, АКШ, Орусия, Франция, Германия жана Кытай курал-жарак экспорттогон ири мамлекеттер болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG