Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Москвада кыргызстандыктардын баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүшү Мамытовдун сапарына тушташ өттү


Конституцияны өзгөртүүгө каршы Орусиянын Мамлекеттик думасынын алдында өткөн жөө жүрүш. 7-декабрь, 2020-жыл.
Конституцияны өзгөртүүгө каршы Орусиянын Мамлекеттик думасынын алдында өткөн жөө жүрүш. 7-декабрь, 2020-жыл.

Кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү 7-декабрда Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүгө каршы Орусиянын Мамлекеттик думасынын алдында акция уюштурушту. Акция коронавируска байланышкан карантиндик чектөөлөрдөн улам кыска мөөнөттөгү жөө жүрүш формасында өттү.

Нааразылык жүрүшүнүн жөнүн кыймылдын төрайымы Динара Чолпонова минтип түшүндүрдү:

«Баш мыйзамды мөөнөтү бүткөн парламенттин VI чакырылышынын депутаттары, мөөнөтү бүткөн спикер менен өзгөртүү туура эмес».

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө Талант Мамытов менен Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин жолугушат.

Быйыл 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү ишин баштаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. (BTo/LzT)

XS
SM
MD
LG