Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

БШК Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгаларын кабыл албай коюшу мүмкүн


Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Бул тууралуу «Азаттыкка» 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгаларын текшерүүдө маселе чыкты.

Маалымат боюнча, Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Ага байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Чороев баракчаларды басып чыгарууга акчаны 3-декабрда, башкача айтканда кол тамгаларды БШКга тапшыруунун акыркы күнүндө төлөгөн.

«Ушундай маселе чыкты. Эми аны Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна алып чыгабыз. Чороевдин кол тамгаларын кабыл албай коюу коркунучу бар», - деди Осмоналиев.

Ал эми Кубан Чороев президенттик шайлоого байланыштуу бардык чыгымдар шайлоо фондунан каржыланганын билдирди:

«Мен кол топтош үчүн чыгарылган баракчаларды чыгарыш үчүн 11-ноябрда келишим түзгөм жана кепилдик катты да бергем. Демек бул акча биздин шайлоо фондубуздан төлөнөт дегенди билдирет. Басмакана ушунун негизинде кол топтоо баракчаларын чыгарды да. Шайлоо мыйзамына ылайык, мен каражатты шайлоодон кийин да төксөм болот».

Ал чогултулган кол тамгаларды кабыл албай коюунун артында саясий кызыкчылыктар бар деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 3-декабрда президенттикке талапкер болуш үчүн арыз тапшыргандардан шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран чогултулган кол тамагаларды берген. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн. Бир адам жетиштүү кол чогулта алган жок.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот. (BTo)

XS
SM
MD
LG