Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Бөрүбашев: Конституциялык кеңешмеге адам укуктары боюнча көп сунуш түштү


Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Кыргызстанда Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешме бүгүн, 7-декабрда пленардык жыйынга чогулат.

Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, Конституциялык кеңешме түзүлгөндөн бери секцияларга бөлүнүп иштеп жатат. Өткөн аптада анын мүчөлөрү жарандардан келген сунуштарды укту. Негизинен башкаруу системасы, адам укуктары боюнча көп сунуш түшүүдө.

«Катуу талкууга түшкөн маселе - эң биринчи эл бийлиги, эл бийлигин орнотуунун жолдору, шайлоо. Ошондой эле адам укуктары боюнча маселе да кызуу талкуу жаратып жатат. Адам укуктары боюнча өтө көп сунуштар болду», - деди Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда түзүлүп, ишин баштаган.

Ага 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоорун жана аны референдумга чыгаруу маселесин талкуулоо милдети жүктөлгөн.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. Мыйзам долбоору шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген жок. (NT)

XS
SM
MD
LG