Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Кишинёв: өкмөттүн кетишин жана жаңы шайлоо талап кылгандар көчөгө чыкты


Молдовада каршылык чаралары парламент президентти чалгын кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укугунан ажыраткандан кийин башталды.
Молдовада каршылык чаралары парламент президентти чалгын кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укугунан ажыраткандан кийин башталды.

Молдованын борбору Кишинёв шаарында жекшембиде (6-декабрда) өкмөттүн кызматтан чегинишин жана тез арада жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган миңдеген адамдар нааразылык жыйынга чыкты.

Демонстранттар парламенттин имаратынын алдындагы аянтка топтолуп, "Биз - элбиз" деген мазмундагы ураандарды кыйкырып турду.

Анын алдында Молдованын мөөнөтү бүтүп бараткан президенти Игорь Додонго жан тарткан депутаттар президентти чалгын кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укугунан ажыраткан мыйзам долбоорун кабыл алган. Миңдеген адамдар буга байланыштуу 3-декабрда дагы каршылык билдирген жыйынга чыккан.

Өлкөнүн жаңы шайланган президенти Майя Санду тарапташтарын өкмөттү кызматтан кетирүүнү жана жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган демонстрация уюштурууга чакырган.

Кишинёв шаарындагы нааразылык жыйынга чыккандардын тобу. 2020-жылдын 6-декабры.
Кишинёв шаарындагы нааразылык жыйынга чыккандардын тобу. 2020-жылдын 6-декабры.

Жекшембиде ал нааразылык иш-чарасына чыккандардын алдында сүйлөп жатып: "Игорь Додон жеңилгенин мойнуна алгысы келбей жатат. Ал өлкөнү өрттөп, күлгө айлантып, башаламандык жаратып, Молдованы эл аралык жактан обочодо калтыргысы келип жатат", - деп билдирди.

Өлкөнүн Конституциялык соту Санду айымды президенттик кызматка 10-декабрда расмий бекитмекчи, ант берүү аземи болсо андан эки апта өткөн соң уюштурулат.

Экс-премьер-министр, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду өткөн айда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, орусиячыл саясатчы Игорь Додонду жеңип чыккан.

48 жаштагы Санду айым өлкөдөгү жемкорлукка каршы аёосуз күрөшөрүн айтып, Европа Биримдиги менен тыгыз байланыш түзүүгө убада берген жана жикчил Днестр бою аймагынан орус аскерлерин чыгарууга аракет кыларын билдирген.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн эгемен өлкө деп бир тараптуу жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG