Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Орус чалгын кызматынын башчысы окумуштуу Менделеев тыңчы болгонун билдирди


Дмитрий Менделеев ( 1834 – 1907).
Дмитрий Менделеев ( 1834 – 1907).

Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын төрагасы Сергей Нарышкин атактуу окумуштуу, химик Дмитрий Менделеев тыңчы болгонун билдирди.

Нарышкин «Историк» журналындагы маегинде атактуу тыңчылардын катарында географ жана изилдөөчү Николай Пржевальскийдин, дипломат жана жазуучу Александр Грибоеевдин, акын Пушкиндин досу Петр Вяземскийдин да аттарын атады

1995-1997-жылдары Москвада «Орусиянын тышкы чалгын тарыхынан очерктер» деп аталган алты томдук китеп чыккан. Ал китепте Дмитрий Менделеев Америкага, Францияга саякаттап барып, АКШ керосини жана түтүн чыгарбай турган ок-дары тууралуу маалыматтарды жыйнаганы жазылган.

Бирок Санкт-Петербург университетине караштуу Менделеев музей-архиви муну четке кагып, окумуштуунун чалгындоо иштерине катышы тууралуу далилдер жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG