Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

АКШда коронавирус жуккандар көбөйүп жатат


АКШ.
АКШ.

Америка Кошмо Штаттарында 2-декабрда коронавируска байланышкан дагы бир антирекорд катталды. COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткандардын саны 100 миң кишиден ашты. Оорудан бир күндө 2 733 бейтап көз жумду, 200 миңдей киши илдетти жугузуп алганы аныкталды. Бул бир аптада миллиондой кишиде вирус табылганын билдирет.

Эпидемиологдор алдыдагы 2-3 ай өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн эң оор мезгил болорун эскертишүүдө.

Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жетекчиси Роберт Редфилддин айтымында, февралга чейин коронавирустан АКШда 450 миң киши каза болушу мүмкүн. Коронавирус 273 миң кишинин өмүрүн алып кетти.

Абал Алкыш айтуу майрамынан кийин кескин начарлады. Адистер ал күндөрү миллиондогон америкалыктар эки жакка чыкпоо, көп чогулбоо тууралуу эскертүүлөргө баш ийбей койгонун, алдыдагы Рождество жана жаңы жыл майрамдары вирустун жайылышына шарт түзөрүн белгилешет.

3-декабрда дүйнөнүн жүз чакты лидери БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын сессиясында коронавирус менен күрөшүүнүн, пандемиядан кийин экономиканы көтөрүүнүн жолдорун талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG