Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Жердеги жылдыздар» аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат


«Жаңыртуу», «Явна» жана «Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби» фонддору уюштурган көргөзмөдөгү балдардын сүрөттөрү.
«Жаңыртуу», «Явна» жана «Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби» фонддору уюштурган көргөзмөдөгү балдардын сүрөттөрү.

Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Жаңыртуу», «Явна» жана «Чексиз мүмкүнчүлүктөр мектеби» фонддору уюштурган, өзгөчө балдардын кол эмгектеринен жасалган «Жердеги жылдыздар» аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу аталган музейдин жетекчиси Роза Султангазиева кабарлады:

«Ар бир бала өз алдынча зээндүү, бул дүйнөгө өзүнүн кайталангыс, жекече мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүгү менен жаралат. Биздин милдет - балдарга өз талантын ачып көрсөтүүгө, кыялдарын жүзөгө ашырууга жардам берүү».

Көргөзмө 15-декабрга чейин уланат. Көргөзмөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын колго жасалган декорациялык куурчактары, кийизден, кездемеден жасалган паннолор, графикалык сүрөттөр, квиллинг, пластилинден жана чоподон жабыштырылып жасалган эмгектер көрсөтүлөт. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында 2020-жылдын 5-декабрында саат 14:00 дө көзү азиз акын Татьяна Ушакованын «Күлгүн түстүү си-бемоль» («Фиолетовый си-бемоль») китебинин бет ачары өтөт. 2020-жылдын 13-декабрында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Мен сени көрүп турам» аттуу инклюзивдик кино спектакли ачык көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG