«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында баш калаада дагы 44 жол кесилишине көзөмөл камералары орнотуларын шаардын мэриясы кабарлады. Бул аталган долбоордун 2-этабын жүзөгө ашыруу болуп эсептелет.
«Коопсуз шаар» долбоору 2019-жылы 12-февралдан тартып Бишкекте ишке кирген. Март айынан тарта жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган.
Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү болуп табылган. (ZKo)
Көзөмөл камералары төмөнкү жол кесилиштерине орнотуу иштери жүргүзүлүүдө:
1. Ахунбаев – Чортеков
2. Масалиев – Тыналиев
3. Токомбаев – Жукеев-Пудовкин
4. Токомбаев – Нуркамал
5. Тоголок Молдо – Баялинов
6. Жукеев-Пудовкин – Суеркулов
7. Алыкулов – Ахунбаев
8. Байтик Баатыр – Токомбаев
9. Садырбаев – Семетей
10. Дэн Сяопин – П.Лумумба
11. Чүй – Тоголок Молдо
12. Токтоналиев – Масалиев
13. Жибек Жолу – Кулиев
14. Жибек Жолу – Ибраимов
15. Абдрахманов – Киев
16. Ибраимов – Киев
17. Анкара – Валиханов
18. Салиева – Курманжан Датка
19. Махатма Ганди – Баялинов
20. Токтогул – Панфилов
21. Гагарин – Асаналиев (Некрасов)
22. Панфилов – Горький
23. Толстой – Панфилов
24. Шопоков – Жумабек
25. Москва – Тоголок Молдо
26. Лермонтов – Көлбаев
27. Жибек Жолу – Тоголок Молдо
28. Тоголок Молдо – Щербаков
29. Орозбеков – Щербаков
30. Элебесов – Щербаков
31. Сухэ-Батор – Юнусалиев
32. Сухэ-Батор – Токомбаев
33. Ахунбаев – Токтоналиев
34. Бешейналиева – Токтогул
35. Кулиев – Токтогул
36. Кулиев – Рыскулов
37. Киев – Бейшеналиева
38. Чүй – Ибраимов
39. П.Лумумба – Профсоюз
40. Жибек Жолу – Осмонкул
41. Чортеков – Күйүкова
42. Шабдан Батыр – Валиханов
43. Жайыл Баатыр – Садырбаев
44. Ибраимов – Фрунзе.