Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

COVID-19: Бишкекте тойканалардын иши боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кафе-ресторандардын ишине байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөр алынып, тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу 2-декабрда шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди:

«Эки күн мурун кол койдум. Тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Ашканасы кандай болушу керек, тейлөөчү кызматкерлерге кандай талап коюлушу зарыл, ПЦР-анализ канча күндө бир алынып турушу керек деген нерселер тууралуу. Кафе-ресторандардан, супермаркеттерден мурда киргизилген убактылуу чектөөлөрдү алып салдык. Супермаркеттер мурдагыдай түнкүсүн да иштей бермей болушту».

Түлөбаевдин айтымында, жазында коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чараларынын дээрлик баары алынды, болгону мектептер жана бала бакчалар жабык турат.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 73 миңден ашты, алардын 24 миңден ашыгы, башкача айтканда, 33% Бишкек шаарында катталгандар. (RK)

XS
SM
MD
LG