Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Өз алдынча партия түзөрүн жарыялаган казак депутаты мандатынан ажыратылды


Нуржан Алтаев.
Нуржан Алтаев.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы «Нур Отан» партиясынан шайланган Мажилистин депутаты Нуржан Алтаевдин ыйгарым укуктарын токтотту. Комиссия мындай чечим Алтаев «Нур Отандын» катарынан чыгарылганы үчүн кабыл алынганын түшүндүрдү.

Нуржан Алтаев 27-ноябрда Казакстанда чыныгы оппозициячыл партия жок экенин айтып, андай күчтү түзүүнү көздөп жатканын билдирген эле.

Ошондон кийин Казакстандагы бийликчил партиянын өкүлдөрү «Нуржан Алтаев «Нур Отан» партиясын жаманатты кылган аракеттери үчүн» катарынан чыгарылганын кабарлаган.

42 жаштагы Нуржан Алтаев 2019-жылы «Нур Отандын» тизмеси аркылуу казак парламентине депутат болуп келген. Ага чейин ал Казакстандын эмгек жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары болуп эмгектенген.

Казакстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага өлкөдө каттоодон өткөн алты партиянын ичинен беш партия катышарын жарыялаган. Өзүн оппозициячыл деп атаган Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы шайлоого бойкот жарыялаган.

Казакстанда эки палаталуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажилис 107 депутаттан турат. Мажилистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан эл ассамблеясынын квотасы менен келет.

XS
SM
MD
LG