Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны уланууда


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг.

НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин уюмду реформалоо жана бекемдөө маселесин талкуулаган жыйыны өтүүдө. Эки күнгө созулган жыйын коронавирус пандемиясынан улам онлайн режимде өтүп жатат. Жыйындын биринчи күнүндө министрлер трансатлантикалык уюмдун азыркы дүйнөдөгү жаңы коркунучтарга каршы туруу жолдорун талкуулашты. Бул боюнча атайын баяндамада даярдалган. Анда «Орусиянын күчөп бараткан аскердик активдүүлүгүнө» жана «Кытайдын кубаттанышына» өзгөчө көңүл бурулган.

Жыйын 2-декабрда аяктайт. Анын жыйынтыктары тууралуу НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг басма сөз жыйынын өткөрүп, кабыл алынган чечимдер тууралуу кабарлайт. 1-декабрда Столтенберг журналисттерге сүйлөп жатып, министрлер уюмдун Ооганстандагы миссиясы жана НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн айланасында «Орусиянын аскердик кубатынын артышы» боюнча талкуу болгонун билдирген.

Баш катчынын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн башын бириктирген аскердик альянстын кийинки жылдын февралындагы жыйынында бир катар татаал чечимдерди алыш керек болот.

67 барактан турган жаңы баяндамада НАТОнун таасирин кайрадан арттыруу жана «татаал стратегиялык чөйрөнүн талаптарына жооп берүү үчүн» 140тан ашык сунуш камтылган.

XS
SM
MD
LG