Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:10

Кыргыз-кытай чек арасынан жүк алып өтүү көбөйтүлмөй болду


«Торугарт» чек ара өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.
«Торугарт» чек ара өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Кытай өкмөтү кыргыз-кытай чек арасынан оор жүк ташуучу автомашиналарды өткөрүү тартибин 3-декабрдан тартып өзгөртөт. Бул тууралуу 1-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кытай тарап «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттеринин иш убактысын азыркы сегиз сааттан 12 саатка чейин узартууга, жумуш күндөрүнөн тышкары дем алыш күндөрү да иштетүүгө макул болду.

Мындай шартта чек арадан бир сутка ичинде 30 автомашина өтө алары мүмкүн экени айтылды.

Кытай тарап «Эркечтам» бекетинин ишин жакшыртуу максатында ал жерге эки кампа куруларын, ал эми «Торугарт» аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү аба ырайынын шартына жараша болорун жана чектөө биринчи кезекте коронавируска каршы чаралардан улам киргизилгенин билдирди.

Быйыл 23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева Кытайдан товар ташыган ишкерлердин бизнеси токтоп, алар оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушканын айткан.

Ал «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын билдирген. Ал Кытайдан күткөн товары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин төртүнчү жолку ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, алар бизнесин токтотуп жатышканын маалымдаган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы чектөө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген. Кийин кыргыз тарап чектөөлөрдү алган. (RK)

XS
SM
MD
LG