Кыргызстандын медиа коомчулугу, «Медиа полиси институту» уюму жана юристтер Баш мыйзамдын жаңы долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө. Алар парламентке кайрылып, долбоорду кайра чакыртып алууну сунуш кылышты.
Юрист Акмат Алагушевдин «Азаттыкка» айтканына караганда долбоордун «мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет» деген 23-беренесин журналисттерге карата цензура катары бааласа болот.
«Илгери бул кылмыш иши катары бааланчу, - деди ал. - Кийин аны алып салышкан. 10 жылдан бери бул берене жок болгондуктан, журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары коркутуп-үркүтүүсүз тынчыраак жашап калышты эле. Конституциялык кеңешменин кээ бир мүчөлөрү ал норманы алып коёлу деп жатышат. Бирок аны алып койгону менен азыркы Конституциянын 33-беренесинде «эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес» деп турат. Жаңы долбоордо ал жок. Биздин оюбузча, кийинки парламент болобу же президентпи, өкмөтпү, жаңы Конституция боюнча Жазык кодексине кайра киргизиши ыктымал».
17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.
Жаңы долбоордун 27-беренесинде «адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деп жазылган. Бул норма Конституциялык кеңешменин укук секциясында четке кагылганы 27-ноябрда белгилүү болгон. (RK)