Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:33

«Жарандык көзөмөл комитети» опузага каршы биригүүгө, УКМК чагымчыл маалымат таратпоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырып берген Садыр Жапаровдун тарапкерлери агрессия жана коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонуп жатышканын белгилеп, жарандарды жана укук тартибин коргоо органдарын аларга каршы биригүүгө чакырды.

Уюм тараткан кайрылууда конституциялык реформанын тегерегиндеги талкуу курч өтүп жатканы, ар бир адам ачык сүйлөөгө укуктуу экени жана пикирин ачык айткандар азыр Жапаровдун тарапкерлери көрсөтүп жаткандай агрессияга буга чейин эч качан туш болбогону белгиленген.

Ошону менен катар кайрылууда «ал эле эмес, атаандаш, башка ой-пикир айтып жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди «өлтүрөбүз» жана «аларга каршы террордук актыларды уюштурабыз» деп коркутуп жатышат» деп айтылды.

Уюм сөз менен коркутуу да кылмыш экенин белгилеп, социалдык түйүндөрдөгү мындай мүнөздөгү ар бир фактыны белгилеп, тийиштүү мекемелерге жөнөтүш керек экенин кошумчалады жана тартип коргоо органдарын эл менен тыгыз кызматташып, кибер-кылмыштардын жана опузанын алдын алуу ишин жүргүзүүгө чакырды.

«Азаттык» радиосу бул кайрылууга байланыштуу Жапаровдун басма сөз кызматынан комментарий сурап, маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) берери тууралуу жооп алды.

Буга байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы 26-ноябрда маалымат таратты. Анда белгиленгенге караганда атайын кызмат бардык адамдарды чагымчыл маалыматтарды жайылтпоого, коркутуп-үркүтүү фактылары болсо аларга карата чара көрүш үчүн маалымдап турууга жана элди да, жарандык активисттерди да тийиштүү органдар менен кызматташууга чакырды. Чагымчыл материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыларын эскертти.

УКМК улуттук жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу атайын кызматтын биринчи кезектеги иши экенин, элдин коопсуздугу менен укуктарын жана эркиндигин коргоо багытында иштеген бардык уюмдар жана жарандык коом менен тыгыз кызматташтык жүрүп турарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG