Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:09

Орус тилин расмий макамдан ажыратуу тууралуу сунуш айтылды


Садирдин Төралиев, коомдук ишмер.
Садирдин Төралиев, коомдук ишмер.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунуш айтылды. Кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев ушундай сунуш кылып, анын себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүрдү:

«Радикалдуу сезилиши мүмкүн, бирок ойлоно турган иш. Конституцияга мамлекеттик жана эл аралык деп кыргыз тилин жазышыбыз керек. Дүйнөнүн 60% ашыгы англис тилинде сүйлөйт. Оруска көнүп калып, чыга албай жүрө берсек, менимче, болбойт. Адамдын табияты ошондой – муктаждык болбосо эч нерсе үйрөнбөйт, иштегиси да келбейт, жата берет. Муктаждык кылышыбыз керек. Кыргыз тилин эле калтырып, калган тилдерди жакшы мыйзам кабыл алып жазышыбыз керек. Өнүктүрүү зарыл, жолтоо болбош керек. Антпесек кыргыз кыргыз болбой кала турганбыз».

Кеңешменин мүчөсү, Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып тил маселесине келгенде башка тилдерден мурда мамлекеттик тил жөнүндө ойлонуу зарыл экенин айтып, Кыргызстандын тагдыры Орусия менен байланышта экенин белгиледи.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарды. Аны талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Кеңешменин бүгүнкү жыйынында англис тилине да расмий макам берүү керек экендиги айтылды. Оппоненттер мындай сунушту абсурд деп аташты. (RK)

XS
SM
MD
LG