Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Азербайжан армиясы Калбажар районуна кирди


Тоолуу Карабактагы Азербайжан аскерлери.
Тоолуу Карабактагы Азербайжан аскерлери.

Азербайжан армиясы Тоолуу Карабак аймагындагы куралдуу чатакты токтотуу тууралуу келишимдин алкагында экинчи районго кирди. Бул тууралуу Азербайжандын Коргоо министрлиги 25-ноябрда билдирди. Аскерлер Тоолуу Карабак менен Армениянын ортосундагы Калбажарды 15-ноябрда өткөрүп алышмак, бирок гуманитардык себептерден улам мөөнөтү жылдырылган.

Министрликтин маалыматына караганда, жолдор миналардан тазаланып, асердик бөлүктөрдүн жайгашуусу үчүн даярдык көрүлдү.

Армения 44 күнгө созулган уруштан кийин Тоолуу Карабакты курчаган Агдам, Калбажар жана Лачинди кошуна өлкөгө өткөрүп берүүгө макул болгон.

Азери аскерлери Агдамга 20-ноябрда киришкен, Лачин 1-декабрда өткөрүлмөкчү.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишиминин аткарылышын шейшембиде Азербайжан лидери Илхам Алиев жана армян премьер-министри Никол Пашинян менен өз-өзүнчө телефондон талкуулады.

Кремлдин басма сөз кызматы жетекчилер Тоолуу Карабак элине гуманитардык жардам берүү, экономика маселелерин, транспорт байланышын калыбына келтирүүнү сөз кылышканын маалымдады.

Кеишимдин шарттарынын бирине ылайык, Орусиянын 2 миң аскери аймакка жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG