Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Некролог: Шабданбек Кулуев кыргыздын руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон


Шабданбек Кулуев.
Шабданбек Кулуев.

Шабданбек Кулуев кыргыз улуттук маданиятын, билим берүү тармагын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошту. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов баштаган жетекчилердин жана илим, билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн атынан жарыяланган көңүл айтуу катында белгиленди.

Некрологдо кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учураганы айтылды.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев 24-ноябрында 78 жаш курагында катуу оорудан дүйнө салды.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, «Кыргыз туусу» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Кийик-Сай», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, окурмандарын тапкан.

1991-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Күжүрмөн эмгеги жана билим берүү тармагына кошкон салымы жогору бааланып, 1987-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG