Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Президенттик шайлоо: Орусияда он эки добушкана ачылат


Парламенттик шайлоо. 2020-жыл.
Парламенттик шайлоо. 2020-жыл.

2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоого байланыштуу Орусиядагы кыргызстандык жарандар үчүн он эки шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

БШК Орусиядагы жарандарды tizme.gov.kg сайты аркылуу өз тизмесин тактап алууга чакырат. Тизме жана добуш берүү боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине, консулдуктарга кайрылууга болот.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, анын он үчү ар кандай себептер менен жарыштан чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG