Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Орусия: Марий Эл Республикасынын мурунку башчысын 17 жылга кесүү сунушталды


Леонид Маркелов.
Леонид Маркелов.

Орус прокуратурасы Марий Эл Республикасынын мурдагы башчысы Леонид Маркеловду 17 жылга кесүүнү суранды. Маркеловдун үстүнөн соттук жараян Нижний Новгород сотунда өтүп жатат. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоо Меркеловдун катаал режимдеги абакта жазасын өтөшүн сурады. Анын менен бирге айыпталып жаткан «12 Регион» телеканалынын мурдагы жетекчиси Наталья Кожанованы 10 жылга жана аймактын мурдагы айыл чарба министри Ираиде Долгушеваны 4,5 жылга кесүү тууралуу өтүнүч келтирилди.

Марий Эл Республикасынын башчысы 2017-жылы камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Леонид Маркелов ишенимдүү адамдары аркылуу 235 миллион рубль пара алган. Мындан сырткары ага карата мыйзамсыз курал-жарак алган жана сактаган деген да айып коюлган.

Леонид Маркелов өзүнө коюлган айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG