Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

Иманалиев: Кыргызстанды Ооганстанга айландырууга жол бербейбиз


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Садыр Жапаров президенттик башкаруу тууралуу дымагы менен мамлекет башчысы болуп шайланып калса, Кыргызстанды Түркмөнстан эмес, Ооганстанга айландырат». Мындай пикирин президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев бүгүн, 24-ноябрда басма сөз жыйынында билдирди. Бирок ал буга кыргыз эли жол бербей турганын белгиледи:

«Бирок Жапаров билип койсун, кыргыз эли буга эч качан жол бербейт. Биз демократияны коргош үчүн тоо болуп туруп беребиз».

Каныбек Иманалиев ошондой эле Конституциянын 10-январда референдумга сунушталары айтылган жаңы редакциясынын авторлорунун бири Садыр Жапаров экени анын 7-каналдагы маегинде ачык билингенин да айтып кетти.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун 23-ноябрда 7-каналдагы маегинде айткан сөздөрүнө карата бүгүн, 24-ноябрда айрым президенттикке талапкерлер жооп иретинде басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар Садыр Жапаровдун сөздөрүндө айрым талапкерлерге карата айыптоо, жалаа жабуу аракеттери байкалганын белгилешти.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 23-ноябрда «7-канал» сыналгы каналына кенен маек куруп, долбоорду сындап жаткандарга жооп берген. Жапаров учурда Конституциялык кеңешме талкуулап жаткан Баш мыйзамдын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келатканын айтты.

«2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган 20дан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес, академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар да бар», - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзамды «бир адамдын кызыкчылыгында гана жазылган» деп кескин сындады.

Садыр Жапаров бул маегинде Текебаев, Иманалиев, Отунбаева жана башка айрым саясатчылардын атын атап, алардын үстүнөн кылмыш ишин козгоо зарылчылыгы бар экенин да билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG