Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Жалал-Абадда былтыркы балаты орнотулат


Жаңы жылдык балаты. Жалал-Абад шаары. 2019-жыл. (Архивдик сүрөт).
Жаңы жылдык балаты. Жалал-Абад шаары. 2019-жыл. (Архивдик сүрөт).

Жалал-Абад шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иши башталды. 23-ноябрда балатынын темир каркастары орнотулду. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, быйыл жаңы балаты алынбайт, өткөн жылдагысы колдонулат.

Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин башчысынын орун басары Каныбек Исаков «Азаттыкка» билдиргени боюнча жалпысынан балатыны, борбордук аянтты, шаарды жаңы жылдык жасалгалоого калаа бюджетинен 1 млн сом бөлүнгөн.

«Балатыны жасалгалоо бир топ күндү талап кылат. Быйылкы каржылык тартыштыкты эске алып, жаңы жылдык жасалгаларга мурунку жылдардан аз акча сарпталат», - деди ал.

Былтыр шаардык казынадан жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жонунан 1 миллион 350 миң сом бөлгөн. Борбордук аянта орнотулган балатынын бийиктиги 28 метрге жеткен. (TB)

XS
SM
MD
LG