Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Ошто кытайлык жаран киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык соту 21-ноябрда киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалган кытайлык 1993-жылы туулган жаранды эки айга абакка киргизүү боюнча санкция берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын маалыматына караганда 19-ноябрь күнү милицияга Ош шаардык «Тез жардам» кызматы тарабынан шаардын Абсамат Масалиев көчөсүнүн боюнда денесинде оор жарааттары бар жаран жатканы кабарланган. «Тез жардам» кызматы барган учурда ал жансыз болгон. Маркум 2000-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталган.

Милиция ошол эле күнү кылмышка шектүү жаранды кармаган. Шектүү жергиликтүү тургун менен жөөлөшүп кеткенин, ал мас экенин, намысына шек келтиргендиктен, ачуусун кармай албай чөнтөгүндөгү аш бычагы менен бир нече ирет сайып салганын, ал жыгылып кеткенде коркуп, жардам бербей качып кеткенин айткан.

«Кытайлык уйгур экен. Кыргызстанга келип, Оштогу соода түйүндөрүнүн биринде самса жасап жүргөн. Жанында дайыма аш бычагы болгон. Ошону менен беш-алты жолу көкүрөккө сайып жиберген. Мас болгон. «Кирип-чыгып ичип аттым эле. Акыркы жолу чылым чеккени сыртка чыксам, жөөлөшүп, айтышып кетип, мен сайып жиберипмин. Канча жолу сайганым эсимде жок» дейт», - деди милиция өкүлү.

Шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин Оштогу тергөө изоляторунда кармалат. Окуя Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип кармалган адамдын тарапкерлери жана жактоочусу комментарий берише элек. (DU)

XS
SM
MD
LG