Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Сокулукта сабалган баланын апасы тосмо арыз жазды


Сабалган баланын бети жашырылган сүрөтү.
Сабалган баланын бети жашырылган сүрөтү.

Сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров 23-ноябрда билдирди.

«Баланын апасы «азыркы күйөөм менен жашайм» деп арызын жазып берди. Баланы абалы жакшы, азыр аны таенесине, Ат-Башыга алып кетишти. Энеси кош бойлуу болуп, өзү да ооругандыктан, эч кандай комментарий бергиси келген жок».

Таякталган баланы жакындары 18-ноябрда ооруканага жаткырып, кайра жекшемби күнү жуунтуп келүү үчүн үйүнө убактылуу чыгарып кеткен.

Чүй облустук милициянын маалымат кызматынын билдиргенине караганда 17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген. Кылмышка шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, Сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Жекшемби күнү социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, энеси уулун алып, качып чыкканын жазышкан.

«Балдардын укуктарын коргоо» лигасы социалдык кызматкерлер менен бирге балдардын укуктарын коргош үчүн координациялык кеңеш түзгөн. (AiA)

XS
SM
MD
LG