Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунда адам укуктары боюнча концепция өзгөргөн жок


Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.
Бекбосун Бөрүбашев, Конституциялык кеңешменин төрагасы.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктарын чектеген ченемдер жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 23-ноябрда кеңешменин жыйынында айтты.

Бөрүбашев Конституциянын жаңы долбооруна каршы болуп жаткан укук коргоочулардын кооптонуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бизге «Адам укуктары боюнча концепция кандай болуп калды?» деп жатышат. Адам укуктары боюнча концепция ошол бойдон калды. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. «23-беренеде чектөө болуп, ошону менен цензура кирип калыптыр» деген маселени көтөрүп жатышат. Адам укуктары менен дайыма иштегендерге айтып коеюн. Чектөө дегенди карасак, кайсы баалуулуктарга? Нравалык жана адеп-ахлак баалуулуктары, мораль бузулса чектөө кирет. Адам укуктарын коргоонун жалпы декларациясында да «адилеттикти талап кылган моралдык ченемдерге карата каршылык болбош үчүн чектөө кирет» деп жазылып турат».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери 80 депутат экени айтылды.

Референдумга чыгарыла турган жаңы Конституцияны талкуулаш үчүн 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзлдү.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Ал эми каршы болгон коомдук-саясий күчтөр Конституция өзгөрсө Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланат деп кооптонууда. 20-ноябрда Бишкекте алар «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйын өткөрүп, жаңы долбоорду кескин сындашты. Бул жыйынга катышкандар Конституциялык кеңешменин курамына киргизилген жок. Айрым укук коргоочулар Кыргызстанда Конституциянын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоору жарандардын кызыкчылыгын коргоого эмес, президенттин бийлигин хандыкындай кылып бекемдөөгө багытталганын белгилеп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG