Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Текебаев: Парламент өзүнүн кадырын, саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү (видео)


Өмурбек Текебаев.
Өмурбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы реформалардын демилгечиси өзү болуп, конституциялык реформаны кеңири коомдук дискуссия аркылуу жүргүзсө элдин колдоосуна татымак. Мындай пикирин 20-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан жарандык коомдун «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү узарганы саясий кризис учурунда мыйзамдаштыруучу жалгыз орган катары керек болгону менен шартталганын айтты.

Ал Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуунун демилгечиси катары парламент сынга кабылып жатышына өкмөттүн, парламенттин, мамлекеттин жетекчилери себепкер экенин айтты. «Ушул парламент стабилизатор жана легитимизатор болуп жатса анын авторитетин сакташ керек эле. Пайдаланып туруп, тарыхтын таштандысына ыргытып жибергидей кылбаш керек эле» деди ал.

«Мындай парламент биздин тарыхта болбоптур. Мүмкүн болгон оош-кыйыштардын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла тургандай болуптур. 2016-жылы Атамбаев референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, катышты, колдошту. Репрессия жолу менен жеке бийлигин күчөткөнүн көрүштү, унчукпай карап турушту. Жээнбеков 2020-жылкы шайлоодо алдап, сатып алуу жолу менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдү, так ушул парламент. Акылына кирет десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга көрбөй туруп кол коюп, референдум жарыялайбыз деп үчүнчү жолу жасап жатат. Калган авторитетин жана саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү».

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Парламент депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине 19-ноябрда жооп берип, «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп айтты. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG